Борбор калаада Казакстандын унаа жасоочуларынын форумунда өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана тармактын милдеттерин чечүүнүн жолдору талкууланды. Маселен, өткөн жылы мамлекеттик колдоонун аркасында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү үч триллион теңгеден ашып, тышкы рынокко чыгарылган ата мекендик өнүмдөрдүн түрлөрү жана көлөмү, экспорттук дарамети бир топ жогорулады.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өткөн жылы унаа жасоо тармагында өндүрүштүн көлөмү 9,4 пайызга өссө, үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча 36 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда Казакстандын унаа жасоо өндүрүшүнө болгон ички суроо-талап 23 миллиард долларды түзсө, бүгүнкү күндө анын 3,1 миллиард доллары гана ата мекендик өндүрүш менен камтылган. Ошондуктан импорттун ордун толтуруунун эсебинен унаа жасоо өндүрүшүн мындан ары онүктүрүүгө күч-аракеттерди жумшоо керек. Биздин алдыбызда жеткиликтүү каржы инструменттерди сунуштоо, жаңы технологияларды киргизүү, жергиликтүү камтууну көбөйтүү жана экспортту өнүктүрүү аркылуу унаа жасоо ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу милдети турат.
Өндүрүш борборлорун жаңылоо, санариптештирүү жана инновацияларды тартуу. Өкмөт башчынын айтымында, буга артыкчылык берүү тармактын ырааттуу өнүгүшүнө жаңы дем берет. Эң негизгиси мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөрдү максималдуу колдоого даяр. Маселен, быйылкы жылы өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүшүн жаңылоого байланышкан инвестициялык долбоорлорду жөнөкөйлөштүрүлгөн каржылоого 500 миллиард теңге каралган. Анын көлөмүн 1 триллион теңгеге жеткирүү көздөлүп жатат. Мындан тышкары, тармактын ишканаларынын санариптик технологияларга жана программалык камсыздоого кам көрүүгө кеткен чыгымдарынын 40%га чейин орду толтурулат. Ата мекендик унаа жасоо өнөр жайын өнүктүрүүнүн комлекстүү планында илимий-изилдөө жана эксперименталдык-конструктордук жумуштарга чыгымдарды бир жарым эсе көбөйтүү мерчемделген. Адистердин айтымында, бул ишканаларды инновацияга инвестиция салууга түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков