Казакстан экономикасы жыл башынан бери 5%га өстү

16.05.2023, 15:03

Өкмөттүн кезектеги жыйынында бул аралыкта өлкөбүз башка мамлекеттер менен 32 жарым млрд долларлык соода жүргүзгөнү айтылды. Анын жарымынан көбү экспортко чыгарылат. Ошол эле учурда Казакстандын кайра иштетилген продукциясынын импорту көбөйүп жатканын байкоого болот. Өсүү 8%дан ашты. Бул өз кезегинде жергиликтүү өндүрүштүн көлөмү өскөндүгүнүн белгиси, дешет тармактык министрликтин өкүлдөрү. Маалыматка ылайык, акыркы төрт айда ата мекендик өндүрүш менен катар реалдуу жана тейлөө тармагы 5%га өскөн. Бардык негизги тармактарда позитивдүү динамика сакталды. Негизги капиталга салымдардын өсүү  темпи 18 пайызга жетти. Эми бул чекти эки эсеге жеткирүү максаты турат.

Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын премьер-министри:

- Ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу жана экономиканы сапаттуу өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы инвестицияларды тартуу ишин активдештирүү зарыл. Ошондой эле, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, транспорт, логистика, IT, туризм жана башка тармактарда пландаштырылган инвестициялык долбоорлордун пулун ишке ашырууга аракеттерди көрүү кажет. Быйылкы жылы негизги капиталга 18,5 триллион теңге инвестиция салышыбыз керек.

Өкмөттүн быйылкы жылы инфляцияны 2 эсеге төмөндөтүү максаты коюлган. Бирдин айында жылдык маанинин туу чокусуна жеткенден кийин, анын деңгээли азыр 17%га төмөндөдү. Эл аралык валюта корунун божомолуна ылайык, быйыл Казакстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 4,3% деңгээлинде сакталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков