Казакстан Элдер Ассамблеясынын ХХХІІ сессиясы

27.04.2023, 18:57

Бул эң мыкты эл аралык тажрыйбага толук ылайык келет. Мындай пикирин  мамлекет башчы Казакстан элдер ассамблеясынын XXXII сессиясынын ачылышында билдирди. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү күндө аталган институт мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түзүп жатканын белгиледи. Президент казак элинин биримдигине токтолуп, бүгүнкү күндө Казакстандан чыккан атактуу инсандар улутуна карабай чет жерде “казак” деп аталып жатканына да токтоло кетти. Мамлекет башчынын айтымында, ушундай болууга тийиш. Ал эми тынчтык менен ынтымак мамлекеттик идеология катары кабыл алынат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин коом – жалпы идеалдар жана баалуулуктар менен бириккен эркин жана акылдуу жарандардын биримдиги. Бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн дагы бир жаркын көрүнүшү. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин бардык жарандарыбыз өздөрүн бирдиктүү казак үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары сезишет. Биз баарыбыз бир үй-бүлөбүз. Бул аша чапкандык эмес. Бул биздин чыныгы инсандыгыбыз.

Касым-Жомарт Токаев ар бир казакстандык биримдикти чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин белгиледи. Өлкө ынтымагы дал ушундай кебелбес баалуулуктар менен бирге болушу керек. Мындай баалуулукту сактоонун жана урматтоонун аркасында Казакстан эли тынчтыкта ​​жашап келе жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Ар бир жаран өз келечегин Казакстан менен тыгыз байланыштырышы керек. Ошондо гана элибиз бирдиктүү өлкө болуп кала алат. Эч ким улутуна, тилине, динине карап басмырланбашы керек. Коомдо мындай позицияга карап бөлүнүүгө болбойт. Ар бирибиз Казакстан деген ыйык үй-бүлөнүн баласыбыз. Баарыбыз – бүгүнкү жашоосу жана келечеги бир боордош жарандарбыз.

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда түрдүү маданияттын салттары биригип, улуттук өзгөчөлүктү чагылдырган уникалдуу жашоо образын түзгөнүн белгиледи.

Танзила Хашиева, Казакстандын «Вайнах» чечен жана ингуштар бирикмеси:

- Бүгүнкү күндө Казакстан Элдер Ассамблеясында көтөрүлгөн маселелер, алдыга коюлган бардык максаттар, милдеттер – учурдун жана азыркы замандын талабы. Мага бүгүнкү шартта айтылган улуттук өзгөчөлүктү калыптандыруудагы жаңыча мамиле жакты. Бул жаш муундарга, жаштарга, мекендештерибизге чоң сабак, пайдалуу кеңеш болот деп ойлойм.

К. Токаев тынчтык, достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкон жарандарды сыйлады

Өлкөбүздө тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошкондордун ак эмгеги көз жаздымда калбай, өзгөчө урмат-сыйга ээ болду. Мамлекет башчысы диаспора өкүлдөрүнө «Курмет», 2-даражадагы «Достук» ордендерин жана «Шапагат» медалын тапшырды. Ошондой эле бир нече жарандарга жеке ыраазычылыгын айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков