Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген. Тараптар чакан топ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Касым-Жомарт Токаев Тажикстан Казакстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле бир тууган жана жакын өлкө экенин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгында биз альянстык кызматташтык жөнүндө Декларацияга кол коюп жатабыз. Мунун символикалык мааниси бар. Бул документ абдан маанилүү жана келечекке багытталган. Ал биздин мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына толук жооп берет. Бул багытта биздин ортобузда эч кандай шек жок. Казакстан менен Тажикстан соода-экономикалык кызматташууну жигердүү өнүктүрүүдө, өткөн жылы эле эки тараптуу соода жүгүртүү 18,5%га өсүп, 1,4 миллиард долларга жеткен. Азыркы шартта бул жакшы жыйынтык.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү дарамети талкууланды. Ошондой эле соода-экономикалык, анын ичинде өнөр жай, айыл чарба жана транспорт тармагындагы мамилелерди кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эмомали Рахмон, Тажикстан Республикасынын президенти:
- Тажикстан менен Казакстан стратегиялык өнөктөштөр. Биздин мамилебиз тынымсыз өнүгүп жатат. Аны мындан ары да чыңдоого басым жасайбыз. Бүгүнкү күндө Казакстан биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн арасында экинчи орунда турат. Башка тармактарда да интенсивдүү диалогубуз бар. Мен сиздер менен биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүү келечегин, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулоого даярмын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков