Эске салсак, иш-чара бугу айынын 18и 19у күндөрү Сиань шаарында өтөт. Аймактын республикалары менен Асман империясы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн түшүнүшөт жана өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтүүгө даяр, дешет серепчилер. Атап айтканда, Казакстан менен Кытай өз жарандары үчүн өз ара визасыз режим киргизүүнү көздөп жатышат. Мындай кадам өнөктөштүктү бекемдеп, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө таасирин тийгизет. Анын үстүнө Казакстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү акыркы мезгилде өсүүдө. Өткөн жылы товар жүгүртүү 24 миллиард доллардан ашты.
Бекжан Садыков, КИСИнин дүйнөлүк экономика жана туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:
- “Борбордук Азия-Кытай” саммитинен күтүлүп жаткан перспективалар боюнча айтсам, бул Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ойлойм. Өз ара аракеттенүүнүн эң маанилүү багыттарына түрткү болот. Анан, албетте, бул транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Өткөн жылы жарым миллиард доллардан ашык коммерциялык келишимдер түзүлгөнүн эске алсак. Албетте, бул саммитте бир катар документтерге кол коюлушу мүмкүн. Анын ичинде соода аймактары. Коммерциялык келишимдерди жеткирүү үчүн гана эмес, биздин өнөр жай потенциалыбызды өнүктүрүү үчүн да күтүшүбүз керек деп ойлойм.
Баяндамачынын айтымында, Кытай рыногу товар өндүрүүчүлөр үчүн абдан жагымдуу. Ал эми Борбор Азиядан азык-түлүктөрдү жеткирүүнүн көлөмү акырындык менен көбөйүүдө. Маселен, Өзбекстан гилас экспорту боюнча лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстанга тамак-аш азыктары, анын ичинде эт, бал жана кургатылган жемиштер кирет. Ал эми Казакстан өзүнүн транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү менен Асман империясын өзүнө тартып турат.
Бекжан Садыков, КИСИнин дүйнөлүк экономика жана туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:
- Бизин өлкө Батыш менен Европанын ортосундагы көпүрө. Ал эми биздин инфраструктуранын потенциалын ачуу көз карашынан алганда, Кытай менен кызматташууну өнүктүрүү Казакстан үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ. Бул албетте, Казакстандын жана жалпысынан Борбордук Азиянын тышкы экономикалык байланыштарын башка оюнчулар менен андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет. Анын ичинде Түштүк Кавказ жана Евразиянын башка аймактары багытында.
Которгон: Илгиз Жамалбеков