Эки өлкөнүн бизнес топтору соода, инвестиция жана логистика тармагында алакаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Маселен, Алматы облусу акимчилигинин өкүлдөрү менен сингапурдук компания биргелешип G4 City атайын экономикалык аймагын түзүшөт.
Рустам Исатаев, Алматы облусу акиминин орун басары:
- Бул мамлекеттик компаниянын атайын экономикалык зоналар боюнча пландарын иштеп чыгууда чоң тажрыйбасы бар. 2019-жылдан бери ал Казакстанга долбоордун башкы планын иштеп чыгууга үзгүлтүксүз жардам берип келди. Башкы план президенттин жарлыгы менен өткөн жылдын аягында бекитилген. Эми биз бул атайын экономикалык аймакты мерчемдөөгө өтөбүз. Биз азыр атайын экономикалык аймак деп белгилеген 30 миң гектар жер Кытайда курулуп жаткан компаниянын аймагынан да чоңдук кылат.
Бизнес-форумдун катышуучулары Казакстан менен Сингапурдун ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн чоң дарамет бар экенин белгилешти. Жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттар каралган. Белгилей кетсек, Сингапур Казакстандын АСЕАН аймагындагы эң ири соода жана инвестициялык өнөктөшү. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 65%га өсүп, 2 миллиард долларга жеткен. Казакстандан жеткирилген товарлардын экспорту да дээрлик 70%га өстү.
Султан Маренов, Казакстан-Сингапур ишкердик борборунун негиздөөчүсү:
- Бизде көптөгөн артыкчылыктар каралган. Анткени Казакстандын ишканаларында жакшы тажрыйба жана алдыңкы үлгүлөр бар. Мен Сингапурда түзүлгөн жана өсүп жаткан 20га жакын компанияны билем. Биз сингапурдук компанияларды Казакстанга тартууга басым жасайбыз. Жыл башынан бери биздин уюмга 30га жакын ар кандай сингапурдук компаниялар кошулду.
Шахзад Насим, Сингапурдагы компаниянын аткаруучу мүдүрү:
- Өлкөнүн ийгилиги үчүн өнүккөн инфраструктура керек. Менин компаниям дал ушул тармакта иш алып барат. Сиздерде бүтө элек LRT курулуш долбоору бар, биз анын ийгиликтүү бүтүшүнө катышууга даярбыз. Жалпысынан Казакстан бизди өзүнүн жайгашкан жери менен кызыктырат, өлкө Европа менен Азиянын кесилишинде орун алган. Ошол эле учурда сиздерде кайра иштетүүгө муктаж кен байлыктардын чоң кору бар, ар кандай товарларды чыгарууга, санариптештирүүнү өнүктүрүүгө болот. Сингапурдун бул багыттар боюнча тажрыйбасы көп.
Белгилей кетсек, Казакстан Борбор Азияга инвестиция тартуу боюнча лидер бойдон калууда. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөгө 420 миллиард долларга жакын инвестиция тартылган. Өткөн жылы жалпысынан 28 миллиард доллар түшкөн. Бул акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча тараптар түрдүү тармактарды камтыган 12 документти жактырышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков