Мамлекет башчысы атактуу спортчулар катышкан эң беделдүү турнир жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, Дин Лижэньди жеңиши менен куттуктады. Ал ошондой эле гроссмейстер Ян Непомнящийдин чеберчилигин жогору баалады. Президент Казакстанда шахматты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңден ашык адам шахмат ойнойт. Республиканын шахмат федерациясынын жардамы жана Тимур Русланович Турлов, ошондой эле Аркадий Владимировичтин катышуусу менен бул көрсөткүчтү кеминде эки эсеге жогорулатуу керек. Казакстанда шахмат тийиштүү деңгээлде өнүгүп жатат.
Өз кезегинде ФИДЕнин башчысы урмат-сый көрсөткөндүгү үчүн президентке ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк чемпионаттын алкагында өткөн Казакстандын кыз-келиндер командасынын дүйнөлүк курамага каршы оюну, балдар арасындагы турнирлер жана мастер-класстар өлкөдө спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө түрткү берет. Ошондой эле Аркадий Дворкович быйыл мектептер арасында дүйнө чемпионаты Казакстанда биринчи жолу өтөөрүн билдирди. Сынакка 80ден кем эмес өлкөнүн өкүлдөрү катышат.
Аркадий Дворкович, эл аралык шахмат федерациясынын президенти:
- Биздин соңку жолугушуубуздан бери дээрлик 7 ай өттү. Бул аралыкта сиздердин ар тараптуу колдооңуздар менен Казакстанда беш жолу дүйнөлүк чемпионат өткөрдүк. Өткөн жылдын бештин айында Алматыда ачык форматта аялдар арасында рапид жана блиц боюнча дүйнөлүк чемпионат уюштурулду. Астанада шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн беттеш өтүп, дүйнөнүн жаңы чемпиону аныкталды. Биз шахматтын Казакстанда канчалык популярдуу экенине күбөбүз. Акыркы сандардын өзү таң калыштуу. Ал эми келечекте дагы көбөйөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков