Казакстанда окуучулар арасында химия сабагынан эл аралык Менделеев олимпиадасы өтүүдө

02.05.2023, 17:32

Астанага Орусия, Австрия, Сауд Арабия, Армения, Израил, Өзбекстан жана Бразилия мамлекеттеринин мыкты окуучулары келишти. Соңку аталган өлкө катышуучуларынын бул Астанага биринчи сапары. Казакстанда окуучулар арасында 57-эл аралык Менделеев олимпиадасы өтүүдө. Казакстандын намысын 15 бала коргойт. Командалардын курамы Республикалык мелдештердин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Белгилей кетсек, олимпиада алты күнгө созулат. Билим берүү сынагы үч турдан турат. Алардын экөөсүндө катышуучулар органикалык, органикалык эмес, аналитикалык жана физикалык химия, ошондой эле тирүү организмдер жөнүндөгү илим боюнча билимдерин сынашат. Акыркы этапта практикалык тапшырмалар берилет. Атайын лабораторияларда сунушталган методдорго ылайык ар кандай заттардын химиялык талдоосун жүргүзүү керек.

Шолпан Каринова, Окуу-агартуу биринчи вице-министри:

- Казакстандын жери, меймандос элибиздин боорукердиги жана достугу катышуучулардын ар биринин билимин, талантын, жөндөмүн көрсөтүүгө жардам берерине ишенем. Кымбаттуу балдар, биздин өлкөбүз, биздин Казакстан сиздер үчүн илим дүйнөсүнө кайталангыс демилге болуп, аны адамзаттын жыргалчылыгы үчүн жаратуунун чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачуусун каалаймын.

Степан Калмыков, эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы:

- Сиздер бул жуманы Евразиянын чок ортосундагы касиеттүү жерде өткөрөсүздөр. Ошондуктан, сиздер үчүн абдан кубанычтамын. Ар бириңиз өз өлкөңүздө жана чөйрөңүздө мыкты экениңизди далилдедиңиздер. Эң күчтүү адамдар чогулду. Ошондуктан, сынактын жыйынтыгы кандай болбосун, ар бириңиздерди жеңүүчү катары көрөм. Бул жүздөгөн күлүктүн билим жарышы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков