Голливуд стилиндеги казакстандык мультфильм

10.05.2023, 13:13

Кызыктуу окуяларга бай чыгарма жунгар баскынчылыгы учурундагы тарыхый маалыматтарга негизделген. Жаңы технология менен жасалган көп кабаттуу имарат Шымкент студиясында иштелип жатат. Ата мекендик адистер тарабынан ишке ашырылган бул заманбап ыкма, адатта, толук метраждуу тасмаларды өндүрүүдө гана кеңири колдонулат. Мунун аркасында эки мүнөттүк мультфильм мурункудай айлап эмес, болгону бир жарым жумада гана жарыкка чыгат.

Бабыр Медет, дизайнер:

- Биздин долбоордун негизги айырмачылыгы – графика жана анимация мүмкүн болушунча реалдуулукка жакын. Биз акыркы технологияларды, башкача айтканда моушн капчер системасын колдонобуз. Бул актёрдун кадимки кадр анимациясынын ордуна, актёрдун кыймылдарды жана эмоцияларды программанын ичинде түз ойнойт дегенди билдирет.

Долбоордун авторлору Казакстанда мындай анимациялык фильмдердин эквиваленти азырынча жок экенин айтышат. Уникалдуу чыгарма жаратуудагы максат – ата мекендик адистер башкалардан кем калбаган сапаттуу санарип өнүмдү жарата аларын бүт дүйнөгө көрсөтүү.

Азиз Есжанов, долбоор автору:

- Биз жергиликтүү сүрөтчүлөр менен бирге жаңы жерлерди жана каармандарды жараттык. Бизде дүйнөлүк деңгээлдеги адистер бар. Өзүбүз да окутабыз. Тасманы өзүбүздүн каражатка тартуудабыз. Учурда анын трейлеринин үстүндө иштеп жатабыз.

Тасманын толук нускасы бугу айынын аягында чыгат. Учурда видео-инженерлер чыгарманын графикасы жана үнүнүн үстүндө иштеп жатышат. Долбоордун авторлору анын аталышын азырынча сыр кармашууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков