Казакстанга туристтик агымды көбөйтүү чаралары

11.05.2023, 13:00

Мындай чечимди өлкөдө биринчилерден болуп Актау шаардык кеңеши чыгарды. Бул документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Туристтик салык келген чет элдиктер үчүн мейманкана акысынын 1%ын түзөт. Бюджеттен түшкөн акча жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө жумшалат. Негизинен мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар.

Гүлмира Абишева, Актау шаардык маслихатынын депутаты:

Мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, мисалы, Грузияда, Чехияда, Бириккен Араб Эмираттарында колдонулат. Бул өлкөлөрдө салымдын көлөмү ар кандай. Ал эми Актау шаарында 1% деп бекиттик. Аталган аймакка келген туристтердин саны көбөйгөнүн эске алсак, салымдан түшкөн киреше дагы көбөйөөрүнө ишенебиз.

Айрыкча жай мезгилинде өлкөдө туристтик сезондун кызуу учуру. Ага туристтик аймактар ​​максималдуу түрдө камданып жатат. Маселен, Алакөлдөгү эс алуучу жайларга ички жана чет элдик саякатчыларды тартуу үчүн атайын жол картасы иштелип чыккан. Анда инфраструктура, экология жана коопсуздук маселелерин этап-этабы менен чечүү каралган.

Айдын Каримов, Абай облусу акиминин биринчи орун басары:

Туристтерди тартуу максатында Алакөл жээгин өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип жатат. Анда инфраструктура, экология, туристтердин коопсуздугу жана башка туристтерге ыңгайсыздык жараткан көйгөйлөрдү акырындык менен чечүү боюнча 40ка жакын чаралар каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков