Мажилисчилер диний экстремизмге каршы күрөшкө жергиликтүү аткаруу органдарын тартууну сунушташты

15.05.2023, 15:59

Мажилистин депутаттары учурдагы маселеге мамлекеттик аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн мобилизациялоо сунушун киргизишти. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, учурда бул органдарга диний экстремизмдин кесепеттери менен күрөшүү гана жүктөлгөн. Анын диний өңүттөрү мыйзам тарабынан такыр каралбайт.

Айгүл Куспан,  Парламент Мажилисинин депутаты:

Биздин оюбузча, диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, ага каршы маалыматтык иш-чараларды эстен чыгарбоо керек. Ошол себептүү антитеррордук комиссиянын алкагында жергиликтүү аткаруу органдарына диний экстремизмдин алдын алуу боюнча ыйгарым укуктар берилиши керек. Биз антитеррордук борбор бул иштерди координациялап, анын башчысы болушу керек деп эсептейбиз.

Депутаттар улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун ушул жана башка артыкчылыктарын караган жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Ал жерде алар ошондой эле коргонуу-өнөр жай комплексинин уюмдарын стратегиялык объектилердин катарына киргизүүнү сунушташты. Ал эми өлкөнүн коргонуусу жана коопсуздугу үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда тобокелчиликке жол берүүгө болбойт дешет.  

Айгүл Куспан, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Мамлекеттик коргонуу тапшырмасын аткаруучуну тандоо жол-жобосун конкурстук жана ачык негизде гана жүргүзүү сунушталууда. Каралып жаткан документте коргонуу өнөр жай комплексинин ишканалары менчиктештирилсе дагы мамлекеттин көзөмөлүндө кала турган нормалар камтылган.

Парламент өзү демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков