Түркияда биринчи жолу «Кымыз FEST» фестивалы өттү

23.05.2023, 11:45

Бул жерде бээ саап, сүтүн күүдө бышырып, идиштерге куюлду. Тагыраак айтканда кымызды даярдоо жөрөлгөсү келгендерге толук көрсөтүлдү. Уюштуруучулар суусундуктун адамдын ден соолугуна тийгизген пайдасын түшүндүрүп, элдин улуттук тамак-аштары, каада-салты, үрп-адаттары тууралуу кеңири айтып беришти. Ошондой эле казактын улуттук буюмдарын даярдоо, анын ичинде килем токуунун улуттук техникасы көпчүлүктүн өзгөчө кызыгуусун жаратты. Элдик ырлар майрамдын көркүн андан бетер кызытты. ТҮРКСОЙ Эл аралык Түрк маданияты уюму менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги мындан ары Түркияда мындай иш-чараларды тез-тез өткөрө турганын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков