Казакстандык «SILK WAY» телеканалы Азербайжанда обого чыга баштайт

23.05.2023, 16:23

Казакстандын Президентинин теле-радио комплексинин «Silk Way» эл аралык каналы мындан ары боордош мамлекетте да обого чыга баштайт. Казакстандык канал бугу айынын ортосунан баштап Азербайжандын кабелдик телекөрсөтүүсүнүн 14 операторунун каналдар топтомуна кирди. Көрүүчү көп каналдуу форматта казак, орус, англис, кыргыз жана өзбекче көрсөтүлгөн жаңылыктарды, программаларды, документалдык долбоорлорду жана көркөм контентти каалаган тилинде тандай алат. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын чын куран айында Азербайжан президентинин Казакстанга расмий сапарынын алкагында мамлекет башчылары маалымат каражаттары менен медиа өндүрүш тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашышкан. Бул жаатта өлкөдө уникалдуу эл аралык «Silk Way» спутниктик телеканалы дүйнөнүн 118ден ашуун өлкөсүнө тараганын белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков