Чоң Алматы айланма жолу 2023-жылдын экинчи чейрегинде пайдаланууга берилет

25.05.2023, 12:56

Казакстандын транспортун өнүктүрүү стратегиясынын келечектүү багыттарынын бири болгон долбоордун узундугу 66 чакырым, үч тилкелүү жол, ошондой эле карама-каршы багыты да каралган. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Жолдор комитети да долбоордун ыңгайлуулугун жана артыкчылыктарын белгиледи. Автомагистралдын негизги артыкчылыктарынын бири - жолдо жүрүү убактысынын кыскарышы, демек, транзиттик жүктөрдү ташуу баасы да төмөндөйт. Белгилей кетсек, 2038-жылга карата айланма жол менен ташылган жүктүн көлөмү 87%га өсүп, 36 миллион тоннаны түздү. Эскерте кетсек, инвестициялык долбоордун курулушу 2018-жылы башталган. Магистраль евразиялык транспорттук шакекче системасына кирген “Батыш Европа – Батыш Кытай” эл аралык транспорт коридорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков