Казакстанда алгачкы криминалдык санариптик лаборотория пайдаланууга берилди

26.05.2023, 13:55

Өлкөдө биринчи соттук санариптик лаборатория ишке кирди. Ал Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын базасында жайгашкан. Адистер заманбап технологияларды колдонуу аркылуу компьютердик жана техникалык изилдөөлөрдү, ошондой эле биометрикалык белгилер боюнча жеке идентификацияны пайдалануу менен фото-видео сүрөттөрдүн негизинде портреттик талдоолорду жүргүзүшөт.

Марат Ахметжанов, Ички иштер министри:

- Кылмышкерлер, мыйзам бузуучулар бир кадам алдыда экенибизди сезиш керек. Бул маанилүү. Ошондуктан биз алардын кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Учурда адистер кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын болжолдуу картасын түзүшүүдө. Ал кайсы багытта орун алып жатса да, биз алдыда болушубуз керек.

Мухит Сулейменов, ИИМ ыкчам-криминалдык департаментинин башкарма башчысынын орун басары:

- Бул жерде концептуалдык түрдө жаңы жабдыктар, компьютердик-техникалык изилдөөлөрдү кыска мөөнөттө жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жаңы программалык жабдуулар орнотулган. Бул бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин системасында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн жаңы түрү. Бизде буга чейин мындай болгон эмес. Ал башка атайын мамлекеттик органдарга берилет. Долбоор жыл башында коом менен өнөктөштүктө коомдук коопсуздукту камсыздоо концепциясынын алкагында башталган. Жеке идентификацияны шайкештендирүү системасы боюнча жакшы натыйжалар бар. Азыр да жашырылган уурулуктардын баарын кеңседе отуруп эле ачып жатабыз. Криминалист адамдарды алыстан аныктай алат. Ошондой эле IP даректер аркылуу камераларга онлайн туташып, айрым укук бузууларды жасаган адамдарды аныктоо мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Бул чара мыйзамсыз аракеттердин алдын алуунун эң жакшы жолу болуп саналат, ошондой эле өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун күчөтөт, деп маалымдады министрлик. Белгилей кетсек, кафедрада молекулярдык генетика лабораториясы бар. Анда соттолгондордун ДНК үлгүлөрү, кылмыш болгон жерден алынган биологиялык издер боюнча маалыматтар чогултулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков