Казакстанда дары-дармек арзандашы мүмкүн

Казакстанда дары-дармек арзандашы мүмкүн
Егемен Қазақстан

Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги дары-дармектерди каттоо процессин санариптештирип, мамлекеттик кызматтарды бирдиктүү терезе системасына киргизүүнү сунуштоодо. Агенттик кардарлардан ар кандай даттануулар тынымсыз түшүп жатканын билдирди. Себеби, медициналык товарларды каттоо системасы жабык жана бюрократияга байланган. Ал эми жаңы дарыларды өлкөгө алып келүү үчүн бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн. Мындан тышкары, бардык документация талаптарын аткаргандан кийин да дары-дармектерди базарга чыгарбоо фактылары катталган. Ал эми дары-дармектердин баасын көтөрбөө тууралуу буйрук өтө кеч аткарылып жатат. Ал тургай жеткирүүчүлөрдүн өздөрү да дары-дармектерди каттоодо, анын баасын көтөрүүдөн тартынышкан эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков