2023-жылы Казакстан экономикасынын өсүшү 5% ашты

2023-жылы Казакстан экономикасынын өсүшү 5% ашты

 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасынын өсүшү 5% ашты. Ал эми өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн реалдуу көрсөткүчү 261 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык бюросу билдирди. Расмий маалыматтарга караганда, экономикалык өсүштүн басымдуу бөлүгү өнөр жай тармагына туура келет. Анын жалпы ички дүң өнүмдөгү үлүшү 26% түзөт. Айыл чарба, токой жана балык чарбаларынан башка тармактардын бардыгында дээрлик оң динамика катталды. Бул жаатта курулуш, соода, маалымат жана байланыш, транспорт, турак-жайжана азык-түлүк кызматтарын көрсөтүү тармактарынын өнүгүү көрсөткүчү жогору экенибайкалды. Казакстандын тышкы соодасы да өстү. Маселен, өткөн жылы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 140 миллиард долларга жакындады. Бул багыттагы өсүш 3,2%га барабар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков