«Air Astana» IPO аркылуу 370 млн доллар тартты

«Air Astana» IPO аркылуу 370 млн доллар тартты

«Air Astana» Улуттук авиакомпаниясы бир эле учурда 3 фонд биржасында IPOну ийгиликтүү аяктады. Натыйжада компания 370 миллион доллар киреше көрдү. Анын 120 миллион доллары аба флотун өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жумшалат. Акциялардын ачык соодасынын жыйынтыгына ылайык, авиакомпаниядагы мамлекеттин үлүшү 51%дан 41% чейин азайды. Британ компаниясынын үлүшү 49%дан 15%ке чейин төмөндөдү. Акциялардын 44% ачык жүгүртүүдө калат. Белгилей кетсек, IPO учурунда акциялар менен катар дүйнөлүк депозитардык квитанциялар да сатыкка чыгарылды. Акционердик-компания өкүлдөрүнүн айтымында, бир депозитардык тил каттын баасы 4 акциянын наркына же 9,5 долларга барабар. Негизинен компаниянын өкүлдөрү бул соода ийгиликтүү болгонун айтышат. Ата мекендик авиакомпаниянын баалуу кагаздарын эл аралык институционалдык инвесторлор жана казакстандыктар сатып алган. 

 

Салтанат Сатжан, «Самрук-Казына» ак өнүктүрүү жана менчиктештирүү боюнча башкаруучу мүдүрү: 

- Бир кызыгы, 370 миллион доллар тартылган инвестициянын 58 пайызы казакстандык инвесторлордун үлүшүндө. Ал эми 42% эл аралык инвесторлорго таандык. Казакстандык инвесторлор салган каражаттардын жарымынан көбү өлкөнүн карапайым жарандарына тиешелүү. Бул өткөрүлгөн IPO чындап эле уникалдуу болду деп айта алабыз. Себеби, ал бир убакта AIX, KASE жана лондондук LSE фонд биржаларында жүргүзүлдү. Суроо-талап биздин сунуштан алда канча жогору болду 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков