«Астана Опера» дүйнө классикасынын чыгармаларын сунуштады

«Астана Опера» сахнасында легендарлуу эки композитордун - Джузеппе Верди менен Джакомо Пуччининин чыгармалары аткарылды. Дүйнө музыкасынын Stabat Mater менен Messa di Gloria аттуу шедеврлери чыгармаларын Казакстандын эмгек сиңирген артисти, хормейстер Ержан Даутовбаштаган симфониялык оркестр музыканттарынын коштоосунда театр солисттери ырдады. Хор капелласын Казак улуттук Өнөр университетинин студенттери аткарды. Ага Батыржан Смаков жана хормейстер Марина Бухвалова жетекчилик кылды.Маселен, Stabat Mater чыгармасынын сахналык спектакли алгачкы минуталардан тартып эле көркөмдүүлүгү менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Бул абдан татаал чыгармада драматизм мененруханий баалуулуктар айкалышатМукам кечти көркүнө чыгарган дагы бир шедевр чыгарма - Messa di Gloria алгачкы жолу 1880-жылы жарык көрдү. Ошол убакыттан бери атактуу композиция көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ырчыларын атактуу кылып келет.

 

Ержан Даутов, «Астана Опера» театрынын башкы  хормейстери, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

Биз көрүүчүлөргө түрдүү чыгармаларды сунуштайбыз. Бул жолу "Вердиден Пуччиниге чейин" эң белгилүү чыгармаларды тандап алды. Искусство сүйүүчүлөр коому алардыберилүү менен угат. Алар дүйнөлүк музыкада абдан маанилүү. Ар биринин өзүнүн келип чыгуу тарыхы жана уникалдуу мазмуну бар.Программада Джузеппе Вердинин акыркы чыгармалары жана Пуччининин эң алгачкы чыгармалары камтылган. Биз бул чыгарманы 2020-жылы биринчи жолу аткардык. Ал кезде коронавирус өрчүп турган. Анын натыйжасында залга 50дөн ашык кишинин кирүүсүнө тыюу салынган. Андыктан бул жолу ийгиликтүү болду десек болот.

 

Батыржан Смаков, студенттик хор капелласынын көркөм жетекчиси:


Биздин хор капеллабыз «Астана Операнын» атактуу хору менен бир катарда өнөр көрсөттү. Бул албетте биз үчүн чоң сыймык. Ал эми студенттерибиз үчүн унутулгус тажрыйба. Биз бул программага көп убакыт даярдандык. Жаттоого жарым жыл убакыт кетти десек болот. Ошондуктан чоң жоопкерчиликти талап кылды. Бирок биз бул жүктү татыктуу көтөрүп, ишенимдүү аткардык деп айта алам.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков