Астанада Ботай маданиятына арналган көргөзмө ачылды

Астанада Ботай маданиятына арналган көргөзмө ачылды

Астанада казак элинин гана эмес, бүтүндөй түрк элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарынын бирине арналган көргөзмө ачылды. Анда Ботай маданиятынын ички үрп-адаттары көрсөтүлөт. Неолит доорунун акырына таандык бул мезгилде жашаган адамдардын жашоосунан кабар берген экспонаттарды Түндүк-Казакстан облустук музей бирикмеси менен борбор калаадагы Президенттин борбору сунуштады. Экспозиция өзүнүн жанрларынын ар түрдүүлүгү менен суктандырат. Бул жерден казак жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн 50гө жакын эмгегин көрүүгө болот.


Буга кошумча,  өлкөнүн түндүгүндө  профессор Виктор Зайберт баштаган археологиялык топ 1980-жылы тапкан эстелик тууралуу фото жана видео материалдар да сунушталды. Көргөзмөдө баалуу экспонаттардан тышкары көркөм-колдонмо искусство чеберлеринин буюмдары орун алды. Байыркы өндүрүш жайларын реконструкциялоо менен интерактивдүү сайт да түзүлдү. Айта кетсек, «Ботай – Улуу талаа маданияты» көргөзмөсү «Казакстан жолу» аттуу маданий-агартуу долбоорунун алкагында өтүүдө. Анын максаты - өлкөнүн тарыхый баалуулуктарын даңазалоо.


Шаар тургундары жана коноктору уникалдуу көргөзмөнү жалган куран айынын 11не чейин көрө алат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков