ДБ саламаттыкты сактоо тармагына 46 млн доллар бөлдү

ДБ саламаттыкты сактоо тармагына 46 млн доллар бөлдү

Казакстан саламаттыкты сактоо системасынкаржылоо үчүн 46 миллион доллар кайтарымсыз каражат алды. Аны Дүйнөлүк банктын Пандемияменен күрөшүү фонду өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине которду. Мекеменин маалыматы боюнча, ДССУнун Европа аймагынын бөлгөн гранты 19 миллион, ал эми мультиөлкөлүкгрант 27 миллион долларды түздү. Аларды 3 жыл ичинде өздөштүрүү керек. Фонддун каражаты өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасындагы эпидемиологиялык көзөмөл, чек ара көзөмөлү, лабораториялык коопсуздук, илдеттерди эрте аныктооошондой эле, медициналык кызматкерлерди окутуу сындуу бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Республикада бул гранттын пайдаланылышын Казакстандагы ДССУнун мамлекеттик кеңсеси көзөмөлдөйт. Муну менен катар, Саламаттыкты сактоо министрлигине техникалык колдоо көрсөтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков