Казакстандыктар визасыз бара ала турган дагы бир өлкө

Казакстандыктар эми Сейшел аралдарына визасыз бара алышат. Тагыраак айтканда, ар бир жарым жылда 30 күн тоскоолдуксуз барууга мүмкүнчүлүк бар. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, визасыз режим үчтүн айынын 6нан тарта ишке киргизилген. Эки өлкө келишимге былтыр аяк оона айларында кол коюшкан. Мындай кадам мамлекеттердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга шарт түзөт. Акыркы мезгилде Казакстан туристтик дараметин жогорулатууга чоң көңүл буруп жатат. Маселен, быйыл туристтик багыттардын санын 10дон 20га чейин көбөйтүү көздөлүп жатат. Мындан тышкары, өлкөдө экотуризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Айрыкча, бул үчүн Алматы жана Маңгыстау облустары алмаштыргыс жер.

 

Кайрат Садуакасов, Казакстандын Улуттук Туристтик Компаниясынын төрагасы:

- Казакстан азыр туристтик багыттарды активдүү өнүктүрүүдө. Бул багыттагы негизги милдет, албетте, туристтик инфраструктураны жакшыртуу. Албетте, иштер жүргүзүлүп жатат. Бирок эң маанилүү жана дараметтүү багыттарга көбүрөөк көңүл буруу керек.

 

Туристтик өлкө катары Казакстанга кызыгуу күчөп жатканы жашыруун эмес. Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны 40% өскөн. Сандарды айта турган болсок, өлкөгө 835 чет элдик жаран келген. Алардын арасында Индиядан келген Пол менен Криттика да бар. Үй-бүлөлүү жубайлар бал айын өткөрүү үчүн Казакстанды тандашкан. Учу-кыйыры жок кең талаа, асман тиреген тоолорунун кооздугун кошо алганда Алматы менен Астананын өзгөчө архитектурасы кимди болбосун таң калтырат, дешет алар. Анын үстүнө улуттук тамак-аштардын ар түрдүүлүгү  тамшандырбай койбосу анык.

 

Криттика Санжула Нармала, турист:

- Бул жерде дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адамдар үчүн көптөгөн кызыкту жана жагымдуу жагдайлар бар. Мындан тышкары, өлкө абдан таза жана туристтер үчүн ылайыктуу. Казакстан ушунчалык кызык болгондуктан баарын көрүү үчүн бир жума аздык кылат. Андыктан биз кайра келерибизге ишенем.

 

Пол Пранит Муддамалле, турист:

- Менин оюмча, Алматы шаары рейтингдин алдыңкы сабына көтөрүлүп, дүйнөдөгү эң популярдуу туристтик беш өлкөнүн катарына кириши керек. Мен Сан-Францискодо жашайм. Бирок Алматы Американын бир дагы штатынан кем калышпайт деп ишенем. Ал тургай артык десем да жаңылбайм. Казакстанга келгениме өкүнбөйм. Биздин бул жердеги эс алуубуз жана саякатыбыз чындап эле унутулгус болот. Бал айын өткөрүүнү пландап жаткан бардык жарандарга Казакстанды тандоого кеңеш берем.

 

2025-жылга карата Казакстан 125 жаңы туристтик долбоорду ишке киргизет. Ошондо өлкөдө туристтердин саны 12 миллионго жетип, анын 2,5 миллиону чет өлкөдөн келет деп күтүлүүдө.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков