Көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери бекитилди

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештери расмий түрдө бекитилди. Тиешелүү министрликтен билдиришкендей, бул жолу чүкө атуу, ордо, аркан тартыш, байге, көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей, казак күрөшү, салттуу жаа атуу, жамбы атуу, бүркүт салуу сыяктуу спорттун 20 түрүнөн мыктылар аныкталат. Ошондой эле, 10 кошумча спорттук мелдеш өткөрүү пландалууда. Эске сала кетсек, Астанада аяк оона айынын 8-14 күндөрү аралыгында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурулат. Бүткүл дүйнөнүн башын бириктирген мелдешке 100дөн ашуун өлкөдөн 4 миңдей спортчу катышат деп мерчемделүүдө. Борбор калаада эл аралык спорттук иш-чарага 100 миңге жакын ата мекендик жана чет элдик туристтердин келиши күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков