Мурат Нуртлеу ЖККУ Баш катчысы менен жолугушту

Мурат Нуртлеу ЖККУ Баш катчысы менен жолугушту

Астанада Премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Тараптар Казакстандын аталган эл аралык уюмга төрагалыгынын алкагында быйыл өлкөдө пландалган иш-чаралар боюнча пикир алмашты. Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алдыдагы отурумунун бир катар уюштуруу маселелерин кароого өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун алкагында кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде саясий кызматташтыкты өнүктүрүү, ар кандай чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу маселелери талкууланды. Эске сала кетсек, 2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта бул уюмга төрагалык кылуу Казакстанга өткөн. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков