Казакстан-Швейцария: кызматташтыктын жаңы чеги

Казакстан-Швейцария: кызматташтыктын жаңы чеги

Швейцария Казакстандагы эң ири инвесторлордун бири. Бул европалык өлкө акыркы 15 жылда ата мекендик экономикага 28 миллиард доллар инвестиция салган. Ошол эле учурда, казак бизнеси Конфедерациянын экономикасына да инвестиция салып келет. Деген менен аталган бул инвестициялардын көлөмү бир кыйла аз. Мындан тышкары, Швейцария республиканын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бул жерде Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөр жогору бааланат. Ата мекендик ишканалардын өкүлдөрү Альпы тоо аймактарына энергия булактарын, асыл таштарды жана металлдарды, ошондой эле, айыл чарба өнүмдөрүн жигердүү жеткирет. Жакынкы келечекте өлкөлөр европалык технологияларды колдонуу менен вагондор заводун салууну да көздөп жатышат.

Мейрам Пшембаев, Казакстан унаа жасоо бирикмесинин башчысы:

- Stadler компаниясы биздин өлкөгө келет. Ал жүргүнчү вагондорду өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Локалдаштыруу менен өндүрүш жайылтылат. Бул бизге компетенцияларды алууга, инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга мүмкүндүк берет.

Мартин Миллер, «Polymetrix a santian buhler company» компаниясынын башкаруучу мүдүрү:

- Жакынкы аралыкта биздин компания Тараз шаарында өсүмдүктөрдү кайра иштетүүчү завод ачышы мүмкүн. Казакстан территориясы жагынан чоң мамлекет. Мындай аймакта кайра иштетүүчү бир ишкана керек.

Белгилей кетсек, Борбор Азияда теңдеши жок Астана Эл аралык каржы борбору менен кызматташкан инвесторлор ар кандай артыкчылыктарга ээ. Бүгүнкү күндө Эл аралык каржы борборунун аянтчасында 8 швейцариялык компания катталган.

Алишер Абдрешев, КИСИ илимий кызматкер:

- Швейцария үчүн Казакстан менен кызматташууну өнүктүрүү абдан кызыктуу тажрыйба. Жакынкы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк бекемделет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков