Мамлекет башчысы Грузия премьер-министрин кабыл алды

Мамлекет башчысы Грузия премьер-министрин кабыл алды

Казакстан өз рыногун Борбор Азияга дарбаза катары кароону сунуштайт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык маселелерди талкуулашты. Өз кезегинде, Грузиянын министрлер кабинетинин башчысы биринчи жарым жылдыкта эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 150% өскөнүн белгиледи. Анын айтымында, расмий Тбилиси Казакстан менен бардык тармактарда алакаларды мындан ары да кеңейтүүгө кызыктар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков