Казакстанда кино долбоорлорду каржылоого акча каражаты бөлүндү

Казакстанда кино долбоорлорду каржылоого акча каражаты бөлүндү

Ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүгө 5,6 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Быйылкы жылы Улуттук кинематографияны колдоо боюнча мамлекеттик борбор өткөргөн сынактын жыйынтыгы менен 62 кинодолбоор каржыланат. Негизинен социалдык маанидеги анимациялык фильмдерди тартууга артыкчылык берилет. Бөлүнгөн каражаттын 500 миллион теңгеге жакыны жаш кинематографисттердин иштерине жумшалат. Жыл сайын тармак жаш таланттар менен толукталып турат. Быйылкы сынакка кесипкөйлүк ишмердүүлүгүн жаңыдан баштаган профессионалдардын ондогон дебюттук иштери кирди. Жалпысынан бул жолу ачык коргоого 208 кинодолбоор берилген. Серепчилер жаш кинорежиссерлор үчүн жашоого жолдомо боло турган бюджеттик долбоорлорго артыкчылык берүүгө аракет кылышканын айтышат. Кеңири аудиторияга арналган тасмалар да көңүл сыртында калбайт. Буга байланыштуу 129 жарым миллион жана биргелешкен өндүрүштүк долбоорлорго 25 миллион теңге багытталат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков