2025-жылы Казакстандык дары-дармек өндүрүшүнүн үлүшү 50%га жетет

2025-жылы Казакстандык дары-дармек өндүрүшүнүн үлүшү 50%га жетет

2025-жылга чейин Казакстанда өндүрүлгөн медициналык дарылардын үлүшүн 50%га чейин көбөйтүү пландалууда. Башкача айтканда, акысыз дарылардын жарымы өлкөнүн өзүндө өндүрүлүшү керек. Бул тууралуу атайын маалымат жыйынында белгиленди. Тармак адистеринин айтымында, көрсөткүч азыр 22%ды түзөт. Ата мекендик фармацевтиканы өнүктүрүү боюнча жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен 10 жылга чейинки узак мөөнөттүү келишимдер түзүлөт. Адистердин жетишсиздигин жоюуга жана илимди өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү чаралар каралган.  Дары-дармектерди чыгарган дүйнөлүк “Топ-50” компаниялардын өндүрүшүн республиканын аймагында бириктирүү көздөлүүдө.

Бауыржан Жүсипов, саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты департаментинин мүдүрү:

- Бул биздин адистерге, заводдорго жаңы технологияны өткөрүп берүүгө, жаңы жабдууларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле керектүү инновациялык түп нускалуу дары-дармек түрлөрүн өзүбүздө чыгарууга шарт түзөт. Маселе боюнча буга чейин бир нече компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бизде өз ара макулдашылган меморандумдар бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков