Казакстанда унаа жасоо өндүрүшү 37%га өстү

Казакстанда унаа жасоо өндүрүшү 37%га өстү

Казакстанда унаа жасоо жарым жылдын ичинде 37 пайызга өстү. Тармактагы инвестициянын көлөмү 23 пайызга жогорулады. Бул тууралуу өкмөттө унаа жасоону өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтылды. Министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов атамекендик өндүрүштү колдоо боюнча иш-чаралардын камтылышы кеңейтиле турганын билдирди. Ал ошондой эле сатып алуулар учурунда жергиликтүү камтууну жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Премьер-министр бул багыттар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков