Кашаганда мунай өндүрүү калыбына келди

Кашаганда мунай өндүрүү калыбына келди

Кашаганда күнүнө 100 миң баррелге жакын мунай өндүрүлөт. Жакында кен жайындагы авариядан кийин шахтадагы иштер кайрадан жанданды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Эске салсак, баш оона айынын 3дө “Болашак” заводунда газ бөлүштүрүүчү датчиктер иштен чыгып, андан соң чийки зат даярдоочу бардык жайлар убактылуу токтотулган. Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кашаганда 7 миллион тоннадан ашык мунай жана 4,5 миллиард куб метрге жакын газ өндүрүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков