Билим тармагына салынган инвестициялар 75%га өстү

Билим тармагына салынган инвестициялар 75%га өстү

Казакстанда билим берүү тармагына инвестициянын көлөмү кескин өстү. Ошентип, 2022-жылдын алгачкы жети айында эле болжол менен 150 миллиард теңгеге жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 80%га көп. Былтыр тармакка капиталдык салымдар 83 миллиард теңгеден бир аз ашык болгон. Ошентип, реалдуу көлөмдүн өсүшү болжол менен 75% жетти - деп билдирет Finprom.KZ порталы. Талдоочулардын айтымында, эң чоң сумма – 46 миллиард теңге Алматыга тиешелүү. Алдыңкы үчтүккө Түркестан облусу жана Шымкент шаары кирди. Тармактагы бардык капиталдык салымдардын жарымы ушул үч аймакка багытталган. Белгилей кетсек, билим берүү тармагына инвестициянын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каралган. Ишканалардын өздүк каражаттары болжол менен 31 миллиард теңгени түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков