Мунай өндүрүү квотасы суткасына 1,7 миллион баррелди түзөт

Мунай өндүрүү квотасы суткасына 1,7 миллион баррелди түзөт

Казакстандын ОПЕК+ келишими боюнча мунай өндүрүү квотасы тогуздун айында суткасына 1,7 миллион баррелди түзөт. Мындай чечим уюмга мүчө мамлекеттердин министрлеринин чогулушунун жыйынтыгында кабыл алынды. Анын катышуучулары келээрки айда кара алтын өндүрүүнү суткасына баш оона айындагыдай эле 100 миң баррелге чейин кыскартууну макулдашты - деп билдирет республиканын Энергетика министрлиги.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков