Стартап ата мекендик өнөр жай тармагына жаңы дем берет

Стартап ата мекендик өнөр жай тармагына жаңы дем берет

Өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ар кандай көйгөйлөрдү жоюу жана жабдуулардын бузулушун азайтуу. Казакстандык адистер өнөр жай тармагындагы маалыматтар үчүн уникалдуу платформаны иштеп чыгышты. Система тоо-кен, металлургия, мунай-газ жана кайра иштетүү тармактарында иштеген ишканаларда өндүрүштү жана бизнес жараяндарын оптималдаштырат. Ал жөнөкөй куралдар менен маалыматтарды чогултууга гана эмес, анализ жүргүзүүгө да мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда платформа чийки жана энергетикалык ресурстарды кыскартуу, ашыкча пайдаланууну аныктайт. Ал эми өндүрүүчү аталган аппарат аркылуу өндүрүш учурунда болгон бардык кемчиликтерди жана каталарды байкай алат.

Ержан Жанзаков, IT-чечимдер боюнча казакстандык компаниянын башчысы:

- Биз өндүрүш ишканаларынын ишин оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллекттин элементтерин колдонобуз. Компания 4 жылга жакын убакыттан бери иштеп келет. Казакстанда 10го жакын ири уюмдар менен байланышкан долбоорлорду жүзөгө ашырдык. Бардыгында мүмкүн болушунча санариптик системалардын жана программалардын таасирдүүлүгүн көрсөтүүгө аракет кылдык.

Белгилей кетсек, компания өткөн жылы Инновациялык грант сынагындагы жеңишинин аркасында өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен. Аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө коюлган негизги шарттардын бири алардын долбоорлору “ноу-хау” концепциясына жооп берүүсү болгон. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө ишкана коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууга даяр.

Ержан Жанзаков, IT-чечимдер боюнча Казакстандык компаниянын башчысы:

- Казакстан үчүн мындай өнүмдөр көп. Мисалы, башка мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүгү. Гранттык каржылоого келсек, ал QazInnovations компаниясы тарабынан 40 миллионго жакын болсо, кошумча каржылоонун натыйжасында жалпысынан 55 миллион каралган. Анын басымдуу бөлүгү программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана кайра иштетүүгө, анын ичинде өндүрүштү уюштуруу үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалды.

Республикада инновациялык гранттар сынагы өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну жана кеңейтүүнү кыялданган башка стартап-компанияларга дагы узартылды. Ага катышуу үчүн аяк оона айынын 15не чейин арыз берүүгө болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков