Банктардын агро өнөр жай комплексине берген насыяларынын көлөмү 16% өстү

Банктардын агро өнөр жай комплексине берген насыяларынын көлөмү 16% өстү

Казакстандык банктар тарабынан айыл чарба тармагына берилген насыялардын көлөмү 16% өстү. Финпром порталынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-теке айларында айыл, токой жана балык чарбасына багытталган насыялардын көлөмү 156 миллиард теңгеден ашкан. Аймактар ​​боюнча бул жылдын алты айында берилген айыл чарба насыяларынын басымдуу бөлүгү Алматы шаарына тиешелүү – 73 миллиард теңгеге жакын. Алдыңкы үчтүктө Костанай облусуна – 19,7 миллиард теңге жана Түндүк Казакстанга – 13 миллиард теңгеден ашык насыя бөлүнгөн. Белгилей кетсек, эми айыл тургундары дагы айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чакан насыя ала алышат. Бул үчүн 40 миллиард теңге өлчөмүндө бюджеттик каражат каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков