Астана эл аралык каржы борбору - чет элдик компаниялар үчүн кирешелүү

Астана эл аралык каржы борбору  -  чет элдик компаниялар үчүн кирешелүү

Казакстан көптөгөн чет элдик компаниялардын көчүрүү борборуна айланууда. Көпчүлүк ишкерлер, анын ичинде IT, инвестициялык жана каржы уюмдарынын негиздөөчүлөрү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу жер катары борборду жана Алматы шаарларын тандашат. Маселен, борбор калаа чет элдик ишкерлер үчүн Астана эл аралык каржы борбору жайгашканы менен жагымдуу. Учурда анын курамына дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн бир жарым миңден ашык компания кирет. Алардын бири Швейцариянын инвестициялык башкаруучу компаниясы. Анын негиздөөчүсү Глеб Стрейбдин айтымында, Казакстанда бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, өнүккөн каржылык кластер, банк инфраструктурасына ачык мүмкүнчүлүк, компетенттүү кызматкерлердин пулу бар, дегеле рынокто каалаган товарды өнүктүрүү жана жылдыруу үчүн чоң дарамет бар - дейт ал.

Глеб Стрейб, Швейцариялык инвестициялык компаниянын негиздөөчүсү:

- Бул жерде каржы борбору  жана жолдун аркы тарабында IT хаб бар. Алгач бул жакка Швейцарияда жайгашкан, инвестициялык консалтинг менен алектенген каржылык компания менен келдик. Бул компанияларга жана жеке адамдарга каржы рынокторунда акча табууга жана облигациялар, акциялар сыяктуу активдерге инвестициялоого жардам берет. Европада кеңири тараган кызматтын бул түрү бүгүн Казакстанда күч алууда. Финансылык сабаттуулук өсүп жатат жана бул биз үчүн абдан маанилүү. Анткени бул жерде биз өз кызматтарыбызды сунуштабастан, рынокту өнүктүрө алаарыбызды билүү маанилүү болчу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков