Президент бир катар жолугушууларды өткөрдү

Президент бир катар жолугушууларды өткөрдү

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекет башчылары, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти, ошондой эле Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен жолугушту. Андан соң тараптар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Энергетика жана транспорт-логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту. Тараптар саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасашты. Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө тууралуу сүйлөшүштү.

Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркко болгон жумушчу сапарынын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал Антониу Гутерриштин «Келечек саммитин» чакыруу демилгесин толук колдой турганын билдирди. Президент бул маанилүү жолугушуунун жыйынтыгы Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга салым кошоорун айтты. Тараптар Алматыда Борбор Азия жана Ооганстанды Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн хаб түзүү боюнча мамлекет башчысынын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшүн карашты.

Президент АКШ сапарынын алкагында жалпысынан 27 жолугушуу өткөрүп, 3 ири иш-чарага катышты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков