Эгин оруп-жыюу өнөктүгү кызуу жүрүүдө

Эгин оруп-жыюу өнөктүгү кызуу жүрүүдө

Казакстандык дыйкандар быйыл 13,5 миллион тоннага чейин буудай жыйнап алууну пландоодо. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 15-20%га көп. Өлкөдө массалык оруп-жыюу өнөктүгү аяктоо алдында турат. Маселен, республиканын түндүгүндө ар гектардан 14 центнерден түшүм алынат. Райондо дан эгиндеринин жалпы түшүмү 4 жарым миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.

Мейрам Меңдибаев,  Облустук айыл чарба башкармалыгынын башчысы:

- Бүгүнкү күндө 3,1 миллион гектар дан эгиндеринин 2,9 миллиону оруп-жыйналды. Чабылган аянт болжол менен 94,1 пайызды түзөт. Бүгүнкү күндө 350 миң гектарга жакын май өсүмдүктөрү жыйналды. Бул жалпы аянттын 36%га жакынын түзөт. Ар гектардан орто эсеп менен 7 центнерден түшүм алынууда.

Ал эми Костанай облусунун дыйкандары 4 миллион тоннадан бир аз ашык буудай жыйнашты. Район боюнча орточо түшүм гектарына 11 центнерден ашты. Адистер жогорку көрсөткүчтөрдү биринчи кезекте жагымдуу аба ырайы менен байланыштырышат.

Кенже Жумандыков, Облустук айыл чарба башкармалыгынын башкы адиси:

- Облус боюнча оруп-жыюу өнөктүгү ушул жумада аяктайт деген ойдобуз. Бул кылкандуу-дан эгиндери гана. Жангелдин району оруп-жыюу өнөктүгүн аяктады. Алар май өсүмдүктөрүн гана жыйнап жатышат. Ал жакында бүтөт. Анткени эгин талаасынын көлөмү кичине. Наурызым, Амангелди райондору 95 пайыз иштерин бүтүрүштү.

Акмола облусунда түшүм жыйноо өнөктүгү аяктап калды. Аймакта эгин жыйноо иштери ушул дем алыш күндөрү бүтөөрү күтүлүүдө. Дыйкандардын эсеби боюнча алар 5 миллион тоннага жакын сапаттуу буудайды жыйнап алышат.

Еркеш Аленов, Облустук айыл чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары:

- Быйыл чарбаларга мамлекеттин жардамы менен 83 миң тонна арзандатылган  күйүүчү май 72 миң айыл чарба кожолуктарына жеткирилди. Калган 17 миңи келишим боюнча, ушул жылдын аяк оона айында жеткирилип берилет.

Ал эми Актөбе облусунун дыйкандары мурда болуп көрбөгөндөй түшүм жыйноодо.  Алдын ала алынган маалыматка караганда, быйыл орточо түшүм гектарына 15 центнерден айланды. Айрым аймактарда бул көрсөткүч эки эсе жогору.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков