Сауд Арабия Королдугу Казакстан менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр

Сауд Арабия Королдугу Казакстан менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр

Сауд Арабия Королдугу Казакстан менен дипломатиялык, кызматташтык жана инвестициялык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр. Бул тууралуу Сауд Арабия Королдугунун Казакстандагы элчилигинин өкүлү билдирди. Анын айтымында, буга мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Королдукка болгон соңку сапары себеп. Буга чейин белгилүү болгондой, эки өлкөнүн лидерлери “Сауд Королдугунун 2030-жылга чейинки көз карашы” жана “Казакстандын 2050-жылга чейинки стратегиясына” ылайык келген жаңы өнөктөштүк мамилелердин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого макулдашышкан эле.

Яхья Ахмед Окейш, Казакстандагы Сауд Арабиясы королдугу элчилигинин өкүлү:

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болду. Мамилелер абдан жакшы деңгээлде. Лидерлердин жолугушуусунда эки тараптын ортосунда көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Анда биздин өлкөбүздүн так мураскеринин “Инвестициялык жана экономикалык алака-катышта чек жок” - деп айткан сөзү бар. Биз алдыдагы келечекте бул багытта жакшы иштеп, эки өлкөнүн алакасын жогорку деңгээлге көтөрүүгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз.

Аскар Шокыбаев, ТИМ Жакынкы чыгыш жана Африка  департаментинин мүдүрү:

- Жалпысынан Сауд Арабия Королдугу Жакынкы Чыгыштагы, Перс булуңундагы эң ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн бири. Акыркы 30 жылда бул өлкө менен жакшы саясий, маданий-гуманитардык диалог түзүлдү. Азыркы учурда Перс булуңунун өлкөлөрү, атап айтканда Сауд Арабия Королдугу менен инвестициялык мамилелерди түзүү жана андан ары өнүктүрүү абдан маанилүү маселе болуп саналат. Учурда Саудиянын инвестициялык фонддору, улуттук, жеке компаниялары менен жакшы кызматташтык түзүлүп жатат. Биздин өлкөбүзгө бардыгы  зор кызыгуусун билдирүүдө. Келечекте алар менен тыгыз иштешебиз деген үмүтүбүз бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков