Казакстан Вьетнамга экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө даяр

Казакстан Вьетнамга экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө даяр
Inbusiness.kz

Казакстан Вьетнамга экспортту 500 миллион доллардан ашырууга даяр. Өлкө социалисттик республиканын рыногуна 90 ар ​​түрдүү тармагы боюнча 530 миллион доллардан ашык кайра иштетилген товарларды жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин жарыялады. Бул тууралуу Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Жалпысынан Казакстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын үчтүн айы-теке айларында 3,6%га өсүп, 203 миллион долларды түздү. Ал эми экспорттун көлөмү 28 миллион доллардын тегерегинде. Ата мекендик өндүрүшчүлөр Вьетнамга металлды, ошондой эле ун, дан, сүт жана эт азыктарын экспорттошот. Мындан тышкары, 2019-жылдан баштап кийим-кеченин экспорту да кыйла өстү. Талдоочулардын айтымында, эки тараптын ортосунда айыл чарба, жеңил өнөр жай, транспорт, логистика жана туризм тармагында түзүлгөн кызматташтыктын келечеги кең.

Которгон: Илгиз Жамалбеков