Казакстан өзүн эгин менен толук камсыз кылды

Казакстан өзүн эгин менен толук камсыз кылды
Хабар 24

Быйыл Казакстанда 20 миллион тоннадан ашык эгин жыйноо пландалып жатат. Бул былтыркыдан 25%га көп. Өкмөттө өлкөдөгү эгин жыйноо өнөктүгү иштеринин жүрүшү талкууланды. Мекеменин башчысы Ербол Карашөкеевдин айтымында, республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдалган аянты 23 жарым миллион гектарга жакын болсо, анын 16 миллион гектардан ашыгын буудай түзөт. Министр белгилегендей, өлкөдөгү жагымдуу аба ырайы оруп-жыйноо өнөктүгүнүн үзгүлтүксүз өткөрүүгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө дан эгиндеринин 96%ы кампага түшкөн. Жалпысынан 164,5 миң гектар аянттан 12 миллион 600 миң даана буудай, 1 миллион 400 миң даана май өсүмдүктөрү, 149 миңден ашык жашылча жана картошка жыйналды.

Ербол Карашөкеев, Айыл чарба министри:

- Актөбе, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетису, Батыш Казакстан, Караганды, Кызылорда, Түркестан облустарында жана Шымкент шаарында буудай оруу иштери аяктады. Башка аймактарда ал бүтүрүү стадиясында турат. Лицензияланган дан кабыл алуу ишканаларына жаңы түшүмдөн жалпысынан 4,2 миллион тонна дан алынды, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Жаңы түшүмдүн данынын жогорку сапаттык көрсөткүчтөр менен айырмалангандыгы да көңүл бурдурат. Мисалы, лицензиясы бар дан кабыл алуу ишканаларына тапшырылган буудайдын жалпы көлөмүнүн 85,8%ы 1-3-класстарга классификацияланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков