Өкмөттө аймактардагы бизнести мамлекеттик колдоо чараларын жакшыртуу сунушталды

Өкмөттө аймактардагы бизнести мамлекеттик колдоо чараларын жакшыртуу сунушталды
Inbusiness.kz

Өлкөнүн ИДӨдө кичи жана орто бизнестин үлүшү 33,5% жетти. Бизнести мамлекеттик колдоону күчөтүү - өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да ишкердикти өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорду өркүндөтүү боюнча өз ойлорун айтышууда. Тактап айтканда, Атамекен улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы Райымбек Баталов министрлер кабинетинин жыйынында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик колдоо чараларын күчөтүүнү, бизнести онлайн тейлөөнү кеңейтүү жана каржылык эмес колдоо чараларынын адистештирилүүсүн жакшыртууну сунуштады. Мисалы, ишкерлер үчүн максаттуу тренингдерди өткөрүү. Анын айтымында, аймактык палаталар жер-жерлерде бизнес көйгөйлөрүн системалаштыруу боюнча жигердүү иш алып барышууда.

Райымбек Баталов, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы президиумунун төрагасы:

Бул чындап эле ошол комплекстүү пландын негизин түзө алат, бизде иштеп чыгуулар бар. Методологиялык жактан колдоо көрсөтүүгө даярбыз, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программалары үчүн ушундай комплекстүү планды түзүү зарыл. Менимче, аймактарда жетишпейт.

Өкмөт ишкердикти өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорду каржылоонун көлөмүн жарыялады. Анын иш-чараларын жүзөгө ашырууга быйыл бир жарым миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Ошол эле учурда чоң бөлүгү – бир миллиард 197 миллион теңге бюджеттен тышкаркы каражаттар. Улуттук экономика министри Алибек Куантыровдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8 айында көрсөткүчтөр оң тенденцияны көрсөткөн.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- Жыл башынан бери насыянын суммасы 7ден 3 миллиард теңгеге чейин төмөндөдү, бул пландагы 16,8 миңге жакын долбоордун ичинен 4239ун субсидиялоого мүмкүндүк берди. Кызмат көрсөтүү жана өндүрүш тармагында жаңы бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн 399 долбоорго гранттар каралды. «Бастау Бизнес» долбоордун алкагында ишкердиктин негизинде план боюнча 75 миң адам кирип, анын 30 миңи окуду. 12 миңге жакын чакан жана орто ишканалар бизнести ачуу, жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик колдоо чаралары боюнча консультациялык кызматтарды алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков