Казакстанда эл аралык инвесторлор жумалыгы башталды

Казакстанда эл аралык инвесторлор жумалыгы башталды

Инвестициялык инновация, каржылык сабаттуулук жана алдамчылыктын алдын алуу. Ушул жана башка маселелердин маңызын түшүнүүгө алдыңкы дүйнөлүк жана ата мекендик талдоочулар жардамга келет. Борбор калаада эл аралык инвесторлордун салттуу жумалыгы башталды. «Астана» Эл аралык каржы борборунун базасында дүйнөгө таанылган адистер тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеп-кеңештерин беришет. Форумга дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн 1500гө жакын компаниянын катышуусу күтүлүүдө. Жалпы иш-чарага каалаган адам катыша алат.

Исхак Берни, АЭКБ комитетинин укуктук маселелер боюнча башкаруучу мүдүрү:

- Туруктуу жана тажрыйбалуу инвесторлор – дени сак экономиканын негизи. Анткени алар финансылык тобокелдик эмне экенин түшүнүшөт. Финансылык олку-солкуларга туруштук берип, туруктуу бизнес кура алат. Астананын эл аралык каржы борбору үчүн инвесторлорду коргоо маанилүү. Биздин максат адилеттүү жана ачык каржылык капитал рыногу менен чөйрөнү түзүү болуп саналат. Мындай шартта жеке адамдар менен ишканалар биргелешип иштей алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков