Казакстан менен Евробиримдик жашыл суутек өндүрөт

Казакстан менен Евробиримдик жашыл суутек өндүрөт

Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын 8 айында 26 миллиард долларды түздү. Ал эми 30 жылдын ичинде өлкөбүздүн экономикасына 160 миллиард доллардан ашык каражат тартылган. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Шарль Мишельдин жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар инвестициялык потенциалды арттырууну макулдашты. Эске салсак, Европа кеңешинин президенти Казакстанга расмий иш сапары менен келген.

Энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу, жашыл экономиканы өнүктүрүү, транспорт жана логистика. Бул маселелер Казакстандын президенти менен Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусунда кеңири талкууланды. Касым-Жомарт Токаев бул багыттар боюнча эки тараптуу байланыштарга оң баа берилгенин белгиледи. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну макулдашышты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Биринчиден, биз Казакстан менен Евробиримдиктин маанилүү чийки затты жана жашыл энергияны ташуу сыяктуу тармактарда кызматташуусунун чоң потенциалын эске алдык. Мындан тышкары, товарларды жеткирүүнүн глобалдык чынжырын камсыздоо максатында, эл аралык транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бул өзгөчө азыркы геосаясий шарттарда актуалдуу. Биз ошондой эле Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын Европа Биримдиги тарабынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн да карап чыктык.

Белгилей кетсек, Европа кеңеши Казакстанга Борбор Азияга коридор катары ар дайым кызыгып келген. Ал эми азыркы геосаясий кырдаалда биздин өлкө транспорттук түйүн катары да жагымдуу.

Шарль Мишель, Европа кеңешинин төрагасы:

Алгач Брюсселде таанышып, андан бери тыгыз байланышта болуп, ар кайсы тармактарда иштешип калдык. Аймактык деңгээлдеги биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн белгилейм. Кызматташтыгыбыздын актуалдуу маселелерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында Сиз менен жолугуп жатканыма кубанычтамын.

Касым-Жомарт Токаев менен Шарль Мишельге Маңгыстау облусунда жашыл суутек өндүрүү жана бөлүштүрүү борборун түзүү долбоору тааныштырылды. Аймакта Европа кеңеши шамал жана күндөн электр станцияларын курууну көздөп жатат. Кадрларды даярдоо боюнча Германия менен Казакстандын университеттеринин ортосунда да кызматташуу каралууда. Мындан тышкары, инвестордун эсебинен инфраструктураны куруу жана Маңгыстау облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча социалдык милдеттенмелерди төлөө пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков