БАЭден Казакстанга инвестиция эки эсеге өстү

Бириккен Араб Эмираттарынан Казакстанга келген инвестиция өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге өстү. 2022-жылдын алты айында алар дээрлик 129 миллион долларды түздү. Маалым болгондой, үчтүн-баш оона айларында өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 550 миллиондон ашса, АКШ валютасында экспорт дээрлик 515 миллионго жеткен. Тараптар инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну бекемдөөдө. Алар билим берүү жана илим, айыл чарба, энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, тоо-кен металлургия комплекси, транспорт жана логистика, курулуш тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышат. Эске сала кетсек, буга чейин Казакстан БАЭге Каспий деңизиндеги портторду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү сунуштап жатканы маалымдалган. Долбоорлорду жеке инвестициянын эсебинен ишке ашыруу пландалууда. Ошентип, 2025-жылга чейин алар Актау деңиз портунда жана Актау деңиз порту атайын экономикалык аймагынын базасында контейнердик хаб түзүүнү көздөп жатышат. Долбоорду ишке ашыруунун аркасында контейнердик ташуулардын көлөмү 40 миңден 215 миңге чейин көбөйөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков