Мажилистин депутаттары инфляция менен күрөшүүнүн жолдорун сунушташты

Мажилистин депутаттары инфляция менен күрөшүүнүн жолдорун сунушташты

Казакстан импорттун жаңы натыйжалуу булактарын издеши керек. Күн санап өсүп жаткан инфляцияны ооздуктоонун бирден-бир жолу ушул. Бул тууралуу Мажилистин жыйынында депутаттык суроо жөнөткөн Аманжан Жамалов билдирди. Анын айтымында, баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн, биринчи кезекте коңшу мамлекеттер менен алыскы соода-сатык иштерин күчөтүү зарыл. Элдин каалоосунун маалыматтарына караганда, өлкөгө ​​чет мамлекеттерден көп сандагы эл керектөөчү товарлар жеткирилип турат. Азык-түлүк импорту эле 4 миллиард долларга жетти.

Аманжан Жамалов, Казакстандын Парламентинин Мажилис депутаты:

Биз өлкөнүн импорттук жеткирүү саясатын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз. Евразия жана Борбордук Азиянын ичинде биз үчүн пайдалуу болгон жаңы импорт булактарын издөө керек. Казакстандын президентинин дипломатиялык демилгелерине жана анын эл аралык аброюна таянып, өлкөнүн жайгашкан жеринин географиялык артыкчылыгын толук пайдалануу жакшы. Жакында эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Астанага келип, биргелешкен саммит өттү. Биздин аймак өз ара сооданы жана транспортту биргелешип өнүктүрүү жагынан чоң потенциалга ээ. Буга байланыштуу экономикалык интеграцияны күчөтүү жана айрым аймактарда коңшулар менен эмгекти аймактык бөлүштүрүүнү орнотуу зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков