Казакстандын Чыгышында альтернативалуу энергия булактарынын дарамети кандай?

Казакстандын Чыгышында альтернативалуу энергия булактарынын дарамети кандай?

Мындан бир жыл мурда Жарма районунда шамал генераторлору ишке киргизилген. Кичи шаарды жарык менен камсыз кыла ала турган станциянын кубаттуулугу, 30 миллион киловатт/саат энергияны иштеп чыгат.

Күндөн жарык өндүрүүчү бул альтернативалык энергия объекти Абай аймагынын Жарма районунда 2019-жылы пайдаланууга берилген. Жүз миңге жакын панель 66 миң гектар жерге жайгаштырылган. Ага жакын жерде шамал станциясы бар. Бул аймакта 17 шамал генератору иштеп жатат. Бул кош объект, энергиянын кайра жанма булагы менен жылдын он эки айын жабууга ылайыкталган. Жайында күндөн, кышында шамалдан электр энергиясы көбүрөөк өндүрүлөт. Жалпысынан бул аймакта 8 ай бою шамал болуп турат.

Ержан Калимолдин, нөөмөт башчысы:

Бизде дайыма шамал болот. Жылдын 360 күнүнүн 300үндө шамалдын эпкини күчөйт. Атап айтканда, Жалгызтөбе эң шамалдуу район болуп эсептелет. Ошон үчүн шамалдын күчүн пайдаланып, энергияны өндүрөбүз. Шамалдан акча табабыз десек жаңылышпайбыз.

Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен республикалык электр тармактарына жөнөтүлөт. Андан кийин объекттерге бөлүштүрүлөт. Азыр станция саатына 29 жарым мегаватт энергия иштеп чыгарат. Бул көлөм бир нече заводдорду же Ридер, Алтай, Шар сыяктуу чакан шаарларды жарык менен камсыз кылууга жетет. Алдыдагы максат – жаратылыштын өзгөчөлүгүн максималдуу пайдалануу менен кайра жанма энергия булактарынын санын көбөйтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков