Казакстан менен Азербайжан соода алмашуудагы өнөктөштүгүн бекемдейт

Казакстан менен Азербайжан соода алмашуудагы өнөктөштүгүн бекемдейт

Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсеге өстү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмүн бир миллиард долларга жеткирүүнү көздөшүүдө. Эки өлкөнүн өкмөттөрү соода-экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча келишимдин үстүндө иштеп жатышат. Жаңы долбоорго ылайык, ар бир тарап чарба жүргүзүүчү субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек.

Рашад Гасанов, серепчи-экономист:

2021-жылы Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы экспорт 53 пайызга өстү. Бул өсүш быйыл да улантылды. 9 айда экспорт жана импорттун көлөмү 420 миллион долларга жетти. Анын басымдуу бөлүгү Казакстанга тиешелүү. Азербайжан буудайды 2,5 эсе көп импорттой баштады. Менин оюмча мүмкүчүлүктөр дагы да көп. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн бир катар документтерге кол коюлду.

Азербайжандын Мамлекеттик бажысы тараткан маалыматка караганда, Казакстандан күрүч, буурчак, балык жана мунай өнүмдөрү былтыркыга караганда көбүрөөк ташылып келинген. Жүк ташуу Транскаспий коридору, мунай транзити Баку-Тбилиси-Джейхан кууру жолу аркылуу жүзөгө ашырылган.

Рашад Гасанов, серепчи-экономист:

Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын негизги бөлүгүн металлургия түзөт. Анын жүгүртүүсү 60 миллион доллардан ашат. Азербайжандан Казакстанга айыл чарба өнүмдөрү, пропилен жана химиялык өнүмдөрдүн экспорту 20-30 пайызга өстү. Эки өлкөнүн тең Жибек Жолуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Казакстандын Кытай менен темир жол байланышы өнүккөн. Бул Баку-Тбилиси-Карс жолдорун пайдаланууга мүмкүндүк берет. Натыйжада эки өлкөнүн байланышы, тактап айтканда, Актаудан Алят портуна чейинки транзиттик дарамет да жогорулашы мүмкүн.

Келишимге ылайык, план транспорттук-логистикалык инфраструктуранын дараметин жогорулатууну көздөйт. Быйылкы жылы Транскаспий каттамы боюнча жүкторду кайра ташуу 6 эсе өскөн. Ошондой эле, серепчилер  Казакстанда да, Азербайжанда да “инвестициялык климат” жакшы өнүгүп келе жатканын белгилешет. Бул биргелешкен инвестициялык долбоорлорду түзүүгө шарт берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков