Казакстан менен Корея ортосундагы соода алмашуу

Казакстан менен Корея ортосундагы соода алмашуу

Казакстан менен Кореянын ортосундагы сооданын көлөмү быйыл 6 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын Корея Республикасындагы элчиси Бакыт Дүйсенбаев Сеулда Республика күнүнө арналган расмий кабыл алууда билдирди. Иш-чара жетинин айынын башына пландаштырылган, бирок Сеулдун Итэвон районундагы каргашалуу окуядан кийин кийинкиге жылдырылган. Бакыт Дүйсенбаевдин айтымында, 2022-жылдын 6 айында Кореядан Казакстанга келген түз инвестициянын көлөмү рекорддук деңгээлге жетип, болжол менен 541 миллион АКШ долларын түздү. 200дөн ашык кореялык компаниялар Казакстанда тоо-кен жана металлургия, унаа өндүрүшү, фармацевтика, медицина жана энергетика тармагында бизнес жүргүзүшөт.

Чой Не Сам, Түштүк Кореянын тышкы иштер вице-министри:

Президентти инаугурациясы менен куттуктайм жана Казакстан өнүгүүнүн кийинки деңгээлине көтөрүлөт деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык транспорт, курулуш, инфраструктура, энергетика жана минералдык ресурстар, ошондой эле IT, электрондук саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана жашыл энергетика тармагында кеңейүүдө. Жаңы Казакстанга саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда реформаларды толук жана ийгиликтүү ишке ашырууну чын жүрөктөн каалайм.

Расмий кабыл алууда концерттик программа уюштурулуп, Кореянын опера ырчылары улуттук гимнди ырдашты. Ал эми келген конокторго казактын улуттук тамак-аштары тартууланып, меймандостук көрсөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков