Евробиримдик Казакстандын эң ири соода өнөктөшү

Евробиримдик Казакстандын эң ири соода өнөктөшү

Акыркы маалыматтарга токтолсок, өткөн жылдын үч кварталында европалык компаниялар республиканын экономикасына 800 миллион долларга жакын инвестиция салышкан. Бул тууралуу Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас биздин каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өз ара сооданын көрсөткүчтөрү рекордду жаңыртты. 2022-жылдын 10 айында тараптардын ортосундагы товар жүгүртүү дароо 76%га өсүп, 32 миллиард евродон ашты. Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө Казакстан өз рыногуна Европа өлкөлөрүнөн товардын 75%ын импорттосо, 77%га жакын товар экспорттолот. Европа Биримдигине жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү үчтүн айы-тогуздун айларында 24 миллиард 300 миллион еврого жеткен. Ал эми Биримдик Казакстан менен 8 миллиард еврого жакын соода жүргүзгөн.

Кестутис Янкаускас, Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси:

- 30 жылдын ичинде Евробиримдик өлкөлөрү Казакстандын экономикасына 76 миллиард долларга жакын инвестиция салды. Бул негизинен мунай-газ сектору. Сиздердин өлкөңүздөрдө мунай жана газ өнөр жайы өнүккөндөй эле, унаа жасоо сыяктуу тармактар ​​да абдан жакшы өнүккөн. Алдыдагы убакытта бул багытта абдан жакшы көрсөткүчтөр болушу толук мүмкүн. Бирок энергетика негизги тармак болуп саналат. Келечекте бул электр энергиясы же жашыл суутек жана жашыл энергияны колдонуу менен мында өндүрүлгөн ар кандай өнүмдөр болушу мүмкүн.

Евробиримдик да казак мунайынын маанилүү импортеру болуп саналат. Биримдик керектеген ички мунайдын болжол менен 8 пайызга жакыны Казакстандан ташылат. Эми биримдик энергиянын дагы башка булагын – жашыл суутекти сатып алууга кызыкдар. Экологиялык жактан таза отун өндүрүү Маңғыстау облусунун аймагында пайда болушу күтүлүүдө. Европалык инвестициянын катышуусу менен колго алынган долбоор 2030-жылы ишке кошулат деп пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков