Астанадагы жаңы инвестициялык долбоорлор

Астанадагы жаңы инвестициялык долбоорлор

Долбоордун инвесторлору катары түрк ишкерлери болгон. Белгилей кетсек, курулуш индустриясы, химия, жыгач иштетүү, фармацевтика жана унаа жасоо тармактарында жаңы ишканалар сунушталууда. Ага ылайык, түркиялык компаниялардын бири медициналык буюмдарды чыгаруучу заводго 2 миллиард теңгеден ашык каражат инвестиция салган. Дагы бир инвестор борбор калаада металл буюмдарын, терезелерди, медициналык жабдууларды чыгарууну жолго салды. Анын баасы улуттук валютада 21 миллиард теңгеден ашат. Ошондой эле Астанада курулуш материалдарын, лак-боёк буюмдарын чыгаруучу заводдор, үй куруу комбинаты жана атайын жабдууларды ошондой эле эмеректерди чогултуу ишканалары пайдаланууга берилди. Акимчиликтен белгилегендей, инвестициялык долбоорлордун ар бири кошумча жумуш орундарын түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков